Казакстандын президенти Бишкекке келди

26 мая 2022, 10:47

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку даражалуу мейманды”Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

“Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Евразия экономикалык биримдигинин пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышат.