Президент коронавирус мезгилинде өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга катышат

28 мая 2020, 14:45

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Канада Премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайка Премьер-министри Эндрью Холнесс жана БУУ Баш катчысы Антониу Гуттериштин чакыруусу боюнча видеоконференция форматында өтө турган «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Иш-чара чет мамлекеттердин башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУ Баш катчысы Антониу Гуттериштин катышуусунда видеоконференция форматында өтөт.

Форум БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча Достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.