КР 38 жылга 5 млн $ грант алат
Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан грант алат. Атайын макулдашууга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Гранттын жалпы суммасы 5 млн $ түзөт. 38 жыл убакытка 0.75% пайыздык чен менен берилет. 6 жыл - жеңилдетилген убакытка жана кошумча 5 млн $ грант түрүндө берилди.
Каржылоо жөнүндө Макулдашууга жана Грант жөнүндө Макулдашууга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, «CASA-1000» электр берүү линиясына жакын жайгашкан максаттуу айылдардагы калкка, региондорду өнүктүрүүнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө коомчулукту тартуу максатында кол коюлган.