Жээнбеков донорлордон тышкы карызды күтө турууну суранды

22 сентября 2020, 09:16

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасады. Өзүнүн кайрылуусунда президент COVID-19 пандемиясы жана анын дүйнө өлкөлөрү үчүн кыйынчылык алып келгендигине токтолду. 

 

«Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет», — деп билдирди өлө башчы. 

 

Андан сырткары президент, коронавирус илдети республиканын тышкы карызын төлөөдө терс таасирин тийгизгенин билдирди. 

 

«Коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө  катуу таасирин тийгизди. «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деп айтты президент.