Мамлекеттик ипотеканын мөөнөтүн 25 жылга чейин узартуу боюнча мыйзамга кол коюлду

1 декабря 2021, 11:31

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган "Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу кол койду.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, анын негизги максаты - республиканын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Тактап айтканда, мыйзам ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин көбөйтөт.

Ошону менен бирге, Ченемдик укуктук актта мыйзамда инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен ипотекалык кредит берүүнүн шарттары эл аралык келишимдер менен жөнгө салынаарын белгилеген пункт да камтылган.

"Бул Кыргызстанда турак жайды ипотекалык насыялоо шарттарын бир топ жеңилдетет", - деп эсептешет мыйзам долбоорунун демилгечилери.

Бирок, "Акчабар" мурда жазгандай, бул мыйзам ченеми авторлор көрсөтүүгө аракет кылгандай так эмес. Теориялык жактан алганда, кредиторлордун критерийлерине жараша, мамлекеттик ипотека боюнча шарттар, ал тургай пайыздык чендер жакшы жакка да, жаман жакка да өзгөрүшү мүмкүн.