Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

23 января 2020, 10:20

КР Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджети 57 млрд 892.1 млн сом киреше жана 57 млрд 104.9 млн сом чыгашасы менен бекитилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

КР президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.