Президент Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилерди кызматтан бошотту

2 августа 2022, 12:02

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы, Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы элчиси Мирлан Арстанбаев бир эле убакта ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.