Президент Кубатбек Бороновду ээлеген кызматынан бошотту

9 октября 2020, 13:35

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кубатбек Боронов премьер-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.

Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.