Президент Кумтөрдүн каржылык отчетун текшерүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Эсеп палатасына Кумтөр кенинин жылдык финансылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы социалдык тармактарга жазды.
Ал бир жыл мурун, 2021-жылдын 17-майында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта тышкы башкаруу киргизилгенин эске салды.
"Туура бир жыл өттү. Текшерүү аяктагандан кийин (эки айга жакын) элге отчет берилет", — деп жазган Садыр Жапаров.
Апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд Инк” ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча талаш-тартышта жарашуу келишими түзүлгөнү белгилүү болгон. Келишимге ылайык, Кыргызстан "Центерранын" 26%га жакын үлүшүнөн баш тартып, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтагы бардык укуктарды алат.