Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга жумушчу иш сапар менен кетти

28 сентября 2020, 09:30

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, КР Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.