Президент: тышкы саясаттын маанилүү бөлүгү - «жашыл» экономиканы өнүктүрүү

1 октября 2020, 11:15

Экологиялык дипломатияны жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте билдирди. 

 

 

«Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт», — деп айтты президент. 

Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.

Баарынан мурда, алар:

  • Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;
  •  Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;
  •  Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.

Андан сырткары,  төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурулат:

  •  биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;
  • биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;
  •  туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн «жашыл экономиканын» принциптерин пайдалануу;
  •  ошондой эле биоартүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.