Президенттик аппараттын бир айлык чыгашасы 5.5 млн сомду түзгөн

6 мая 2020, 10:45

Кыргызстандын президенттик аппаратынын бир айлык чыгашасы үчүн бюджеттен 5 млн 468.1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдады. 

Каражаттын басымдуу бөлүгү же 4 млн 691.8 миң сом - эмге акы үчүн жумшалган. Взнос/социалдык керектөөлөр үчүн - 600 миң сом, товар жана кызматтар үчүн - 176.3 миң сом бөлүнгөн. 

Андан сырткары, жалпы ишкердик, резервдик фонд жана президенттин архивине 2 млн 19.3 миң сом коротулган. 

Президенттик аппаратка

315,0 миң сом

Президенттин резервдик фондуна

519,8 миң сом

Президенттин архивине

1 млн 184,5 миң сом

 

Кошумчалай кетсек, президенттик аппаратын март айындагы чыгашасына бюджеттен 1 млн 192.5 миң сом бөлүнгөн.