Президенттик шайлоо өткөрүү үчүн бюджеттен 549.2 млн сом жумшалат
Борбордук шайлоо комиссиясынны берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүгө 549.2 млн сом керектелет. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Чыгымдын бир бөлүгүн же 38.7% БШКнын эсебиндеги мурун пайдаланылбаган каражаттардын эсебинен жабуу пландаштырылган (212.7 млн сом).
Муну менен катар, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө 336.5 млн сом керектелет, анын ичинен 136.5 млн сом 2020-жылы бөлүнөт жана 200 млн сом 2021-жылы республикалык бюджеттен шайлоону жыйынтыктоого бөлүнөт.
Эске сала кетсек, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кезексиз президенттик шайлоо учурдагы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен, башкача айтканда, 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын январына чейин өткөрүлүүгө тийиш.