Президенттин иш башкармалыгы: Жаңы Ак үйдү атамекендик ишкана курат

18 апреля 2022, 13:00

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун атамекендик “TS Group” компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.

Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулары айтылууда.