ККМ колдонгон жүгүртүүсү бар кол өнөрчүлөр салык төлөбөйт

5 апреля 2023, 11:42

Кол өнөрчүлөр бардык операцияларды ККМ аркылуу жүргүзсө гана 8 миллион сомго чейинки жүгүртүүдөгү салыктарды төлөбөй калышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, жеке ишкерлер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин салыктан бошотулган жаңы өзгөртүү кол өнөрчүлөргө да тиешелүү.

Бирок бул үчүн алар кайрадан каттоодон өтүп, кассалык аппаратты колдонууну улантуулары керек.

Эске салсак, бир күн мурун президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.