Үч айда Кыргызстандагы коммерциялык 18 банктын пайдасы 823,9 млн сомду түздү

6 июля 2021, 11:38

 

Ушул жылдын январь-март айларында коммерциялык банктардын кирешеси 8 миллиард 136,7 миллион сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3% га көбөйгөн. Бул тууралуу статкомитет билдирди.

Ошондой эле банктардын чыгымдары 6,2% га көбөйүп, 7 миллиард 378,2 миллион сомду түзгөн.

23 банктын ичинен 18 банк гана 823,9 миллион сом суммасында пайда алышкан, ал эми беш банк 65,2 миллион сом өлчөмүндө чыгымга дуушар болгон. Балансташтырылган каржылык натыйжа 758,6 миллион сом пайда алып, анын көлөмү былтыркы жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 20,4% (-194,4 миллион сомго) азайган.