«Кепилдик фондунун» кирешеси 2020-жылдын июлуна караганда 125% га жогору

9 сентября 2021, 10:47

Быйылкы жылдын июль айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен “Кепилдик фонду”  88 млн 393 миң сом  көлөмүндөгү таза пайда тапты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун каржылык отчетунда айтылды.  

Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде фонд 39 млн 243 миң сом каражат тапкан. Айырма дээрлик 50 миллион сомду түзөт жана 125% өсүүнү көрсөтөт.  

Пайда структурасында пайыздык киреше басымдуулук кылат, июль айындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча алар 206 миллион 605 миң сомду түздү (2020-жылдын июлуна салыштырмалуу+ 126%), бирок пайыздык эмес кирешелер боюнча фонд терс кетти 49,9 миллион сом, бирок өткөн жылдын ушул айында бул көрсөткүч 7,2 миллион сом киреше алган.