​Мамлекеттик ишканалардын кирешеси 2020-жылы 550 миллион сомду түзөт

16 ноября 2020, 13:55

Ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик ишканалардын кирешеси 550 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу 16-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысынын орун басары Ишенбек Медетов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан түшкөн бюджеттин жалпы кирешеси 3,4 миллиард сомду түзөт. Алардын 550 миллиону мамлекеттик ишканалардын кирешеси, ижарачылардын 145 миллиону жана 2,2 миллиарды дивиденддер. Медетов пандемиянын кесепетинен ижарачыларга жеңилдиктер берилгендигин жана бюджетке 45 миллион сомго жакын каражат түшпөй тургандыгын эске салды.