Былтыр Коммерциялык банктардагы кирешелер 38% өскөн

14 мая 2019, 14:43

Кыргызстанда 2018-жылы 25 коммерциялык банк иштеп, алардын аймактардагы  300 филиалдары элге кызмат көрсөткөн. Банктардын кирешеси 27.1 млрд сомго жетип, 2017-жылга караганда  10.4%  жогорулаган. Киреше– 3.3 млрд сомго чыгып, ага чейинки жылга салыштырмалуу 38% өскөн.

Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдагы  маалыматына таянсак, өлкөнүн  21 банкы жылды оң баланс менен жыйынтыктап, киреше табышкан. Ал эми торт банк чыгашалуу болушкан.  Банк ишмердиги боюнча лидерлик позицияга «Оптима Банкы», «ФИНКА Банкы», «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы»  менен «Айыл Банкы» чыгышкан.

Элге берилген кредиттердин саны  127.9 млрд сом болуп, анын ичинде 47.4% – жеке жактарга насыяга берилген. Алынган карыздардын үчтөн бири – 62% – улуттук валютада, 38% – чет элдик валютада алынган. 

Банктардын депозиттик эсебиндеги акчалардын массасы  01.01.2019-жылга карата  75.5 млрд сомду түзгөн. Ушул эле  учурда улуттук  валютадагы аманаттардын көлөмү 61%, чет элдик валютада – 39% болгон.