«Кыргызалтын» ишканасынын кирешеси үч эседен ашык кыскарды

1 января 2024, 10:23

Быйыл тогуз айда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу “Кыргызалтын” ишканасынын кирешеси 3,6 эсе азайган. Бул тууралуу аталган компаниянын баяндамасында айтылат. 

Маалыматка ылайык, быйыл тогуз айда таза киреше 10 млрд 462 млн  475 миң сомду түзсө, бир жыл мурда 37 млрд 941 млн 797 миң сомго жеткен.

Белгилей кетсек, операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн киреше, тескерисинче, дээрлик 2 эсеге өсүп, 216 млн 344 миң сомдон 419 млн 486 миң сомго жеткен.