«Кыргызалтындын» учурдагы кирешеси 150 млн сомду түздү

26 мая 2023, 12:48

Быйылкы жылдын биринчи кварталында “Кыргызалтындын” кирешеси 150 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды.

Мында мамлекеттик бюджетке 137,6 миллион сом бөлүнсө, анын 15,5 миллион сому социалдык фондго чегерилген.

Белгилеп кетсек, 2022-жылы компаниянын таза кирешеси 42 миллиард сомду түзүп, бюджетке 4,4 миллиард сом төлөшкөн.