Улуттук банктын жылдык кирешеси 20%дан ашык кыскарды

16 ноября 2022, 16:57

Быйыл октябрдын аягында Улуттук банктын кирешеси 8 миллиард 105 миллион 555 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучунун органдын финансылык абалы жөнүндө отчетто берилди. 

Ага ылайык, былтыр ушул күнгө салыштырмалуу киреше 20,2%га, же 2 млрд 46 млн 673 миң сомго азайган.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын кирешеси үчүнчү ай катары менен төмөндөөдө. Алсак, сентябрь айына карата киреше 8,4 миллиард сомдон 283,9 миллион сомго, ал эми июль айында 588,6 миллион сомго азайган.