«Түндүк» тиркемеси 8-мартта иштебейт

7 марта 2024, 11:43

"Түндүк" тиркемеси техникалык иштен улам жеткиликсиз болот. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрлик 8-март күнү саат 19дан 20га чейин техникалык иштерге байланыштуу электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана “Түндүк” тиркемеси иштебей турганын белгилейт.

“Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз”, - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.