Экономикалык чийки мыйзамдардын кабыл алынышы бизнеске терс таасирин тийгизет - эксперт

2 августа 2021, 17:30

Кыргыз бийлиги экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштоодо. Бирок мындай чийки мыйзамдар ишкерлерге гана зыян келтирет. Бул тууралуу ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыров брифингде билдирди.

Анын айтымында, бизнес-ассоциациялар мындай демилге тууралуу 29-июлда, мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда билишкен. Ишкерлер дароо ассоциациялардан кеңеш сурашкан, бирок эч ким жардам бере алган эмес.

"Бул документ ишкерлерге кезектеги сокку болбойбу? Муну кабыл алуу же кийинкиге калтырыш керек болсо, биз чогуу иштешибиз керек", - дейт Пакыров.