«Нурзаман ЛТД» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

26 октября 2021, 12:29

Улуттук банк акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту.

Тактап айтканда, 22-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Нурзаман ЛТД" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын уруксаты убактылуу токтотулган.

Буга Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.