Жалал-Абаддагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

10 февраля 2023, 11:20

Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Октябрь көчөсү, б/н дарегинде жайгашкан "Азамат-Ш" ЖЧКсынын лицензиясы убактылуу токтотулду.

Белгилеп кетсек, ЖЧК 2023-жылдын 10-февралынан 2023-жылдын 19-февралына чейин иштебейт. Лицензияны убактылуу токтотууга Улуттук банктын талаптарынын бузулушу себеп болгон.