Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшү 10,4%ды түздү

12 сентября 2022, 11:04

Ушул жылдын январь-август айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын өсүшү 10,4%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Мында азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 16,3%га, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга 12,9%га, азык-түлүк эмес товарларга 6,5%га, калкка кызмат көрсөтүүгө тарифтер — 6,1 пайызга жогорулаган.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү январь-август айларында республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баанын максималдуу өсүшү (16,8%га) Нарын облусунда катталган, бул башка облустарга салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге (47,9%га) жана азык-түлүк эмес товарларга (8,6% га) баалардын эң көп өсүшү менен шартталган.