Тикелей чет өлкөлүк инвестициянын агымы эки эсе өстү

9 сентября 2022, 09:48

Ушул жылдын январь-июнь айларында тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 628 миллион доллардан ашты. Ошол эле учурда агылып келүү агылып чыгуу деңгээлинен дээрлик 145 миллион долларга ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду. 

Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, бардык компоненттердин агымынын өсүшү байкалды.