«Ками Моторстун» артыкчылыктуу акциялары 440 миң сомго сатылды

26 октября 2022, 16:30

Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Ками Моторс” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарына бүтүм жасалды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды. 

Экинчи рыноктогу сооданын жыйынтыгында бир адамга 440 миң сомдон 200 даана артыкчылыктуу акциялар сатылды. Акциянын баасы 2200 сомду түздү.

Белгилеп кетсек, 13-октябрга салыштырмалуу компаниянын акциялары 12,4%га арзандаган.