Сугат суу менен камсыз кылууда маселе жок — Айыл чарба министрлиги

29 июня 2022, 11:12

Быйылкы жылы сугат суу менен камсыз кылууда эч кандай маселе жок. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын башчысы Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, сугат суу берүүгө даярдык иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталып, быйыл аяктады.

Ал белгилегендей, Каржы министрлигинен каражаттар кечиктирбестен бөлүндү.

“Биздин суу каналдар 1990-жылдары эле курулган, бирок биз аларды жыл сайын калыбына келтиребиз”, - деди ал.