Маалыматтык соода порталы ишке кирет

10 ноября 2021, 14:38

Бишкекте 11-ноябрда “Кыргызстандын маалыматтык соода порталы” онлайн платформасынын расмий ачылышы болот. Анда өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон 40тан ашык аталыштагы товарлардын экспорттук жана импорттук жол-жоболору менен таанышууга болот. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Портал трансчек аралык соодадагы административдик тоскоолдуктарды жоюу жана бизнес процесстерин жөнөкөйлөтүү аркылуу сооданы жеңилдетүүгө көмөктөшөт. Ал Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрүнөн соода жол-жоболорун онлайн жарыялоону талап кылган сооданы жеңилдетүү боюнча ДСУ макулдашуусун ишке ашырууну тездетүү максатында иштелип чыгып, Евробиримдиктин каржылык колдоосу менен ишке киргизилүүдө.