Коммерциялык банктардын пайыздык кирешелери 31,4%га өстү

24 января 2023, 10:11

Кыргызстанда 2022-жылдын 11 айында банктардын таза пайыздык кирешеси 20 миллиард 610,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 4 миллиард 919,4 миллион сомго же 31,35%га өскөн.

2022-жылдын январынан ноябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жалпы пайыздык кирешеси 31 миллиард 629,1 миллион сомду түздү, ал эми республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин жалпы пайыздык чыгашалары 11 миллиард 18,5 миллион сом болду.