Депутаттар банк насыялары боюнча чендерди жөнгө салууну каалашат

28 апреля 2021, 18:05

Кыргызстанда керектөө насыялары боюнча пайыздык чендер 30-40% га чейин жетет. Ушуга байланыштуу, пайыздык чендердин деңгээлин мамлекеттик жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыгууда. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов парламенттин отурумунда билдирди.

Улуттук банктын өкүлү, кредиттик мекеме менен карыз алуучунун ортосундагы мамилелер келишимдик мүнөздө экендигин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аларга кийлигишүүгө укугу жок экенин, бирок, эгерде насыялар боюнча пайыздык чендер жалпы рыноктук чендерден ашып кетсе, 15% дан жогору болсо, анда "Сүткорлук жөнүндө" Мыйзамга ылайык, пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жөнгө салынат деди.

Депутаттар Улуттук банкка коронавирустук инфекциянын жайылышынан улам, төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн банк кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн финансылык-кредиттик уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү сунушташты.