«Кредиттик союздардын каржылык компаниясынын» 1 млн сомго акциялары сатылды

17 марта 2023, 16:52

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Аукциондун жыйынтыгында 1 млн сомго 1 млн 204 миң 819 даана акция сатылды. Акциянын баасы 0,83 сомду түздү.

13-марттагы акыркы соода сессиясынан бери акциянын баасы 6,25%га жогорулады.