КФБда «Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» 30,7 миң акциясы сатылды
Кечээ, 6-июлда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтына жарыяланды.
Аукциондун жыйынтыгында 3 млн. 75 миң сомго 30 миң 750 даана акция сатылды.
Акциянын баасы 100 сомду түздү.
Эске салсак, фонд толугу менен Каржы министрлигине таандык.