«Продэкспо-2023» көргөзмөсүндө ата мекендик өнүмдөр таанытылууда

8 февраля 2023, 11:07

Ушул күндөрү 6-11-февралда Москва шаарында "Продэкспо-2023" көргөзмөсү өтүүдө. Ага Кыргызстандан Соода-өнөр жай палатасы жана Агроөнөр жай комплексинин ишканалар ассоциациясына мүчө 10го жакын кыргызстандык компаниялар катышууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган иш-чара ата мекендик продукцияны жайылтууга багытталган. 

“Кыргызстандын экспозициясында жогорку сапаттагы экологиялык таза кургатылган жемиштер, жаңгактар, түрдүү жашылча-жемиштер, төө буурчак жана башка өнүмдөр көргөзмөгө коюлду”, - деп айтылат маалыматта.  

"Продэкспо-2023" көргөзмөсүнө Соода-өнөр жай палатасынын "Кыргызэкспоцентринин" жетекчиси Нурбек Султанов, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлү Михаил Тумасов катышууда. 

Белгилей кетсек, "Продэкспо" - Россияда жана Чыгыш Европада тамак-аш жана суусундуктардын эң ири эл аралык көргөзмөсү. Бул жылы көргөзмөгө 35ден ашык компания катышууда.