Баткен обулусунда тамак-аш жана суусундукка болгон баа 4.7% кымбаттады

13 сентября 2019, 09:17

Баткен облусунда тамак-ашка болгон баанын саны көтөрүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн статистика комитети билдирет. 

Баткен облусунда башка региондор менен салыштырып караганда, тамак-ашка жана суусундуктарга болгон баа – 4.7% көтөрүлгөн. Андан сырткары, ичимдик жана чылымга болгон баа Ысык-Көл облусунда дагы 4.6% көтөрүлгөн. 

Нарын облусунда кызматтарга болгон баа – 2.5%  көтөрүлгөн. Азык-түлүктөн тышкаркы товарларга болгон баа Ысык-Көл облусунда 0.3% кымбаттаган. 

Муну менен катар эле үстүбүздөгү жылы керектөөлөргө жана тарифтерге болгон баа Ош облусунда 1.1% жана Талас облусунда 0.1% арзандаган.