Салык кодексинин долбоору үчүнчү окуудан өтпөй калды

22 декабря 2021, 15:37

Салык кодексинин долбоору үчүнчү окуудан өтпөй калды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, үчүнчү окууда Салык кодексин кабыл алууга 58 гана депутат добуш берсе, 13 депутат каршы добуш берди. Буга байланыштуу министрлер кабинети тыныгуу сурады, анын жүрүшүндө министрлер кабинетинин мүчөлөрү депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын чечимин өзгөртүүгө көндүрүүгө аракет кылууда.

"Азырынча бизде кворум жок, ошондуктан 2022-жылга республикалык бюджетти кабыл ала албайбыз, ошого жараша Салык кодексинин долбооруна кайра добуш бере албайбыз", - деди ал.