Профсоюз федерациясы өкмөттөн азык-түлүк баасын жөнгө салууну суранды

15 февраля 2023, 12:52

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу өкмөткө кайрылды. Анда федерация эң зарыл азык-түлүк товарлардын кымбатташына тынчсыздануусун билдирген. Бул тууралуу тийиштүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, федерация 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы азык-түлүккө болгон баалар жогорулаганын белгилеп, 2022-жылы бир адамдын айлык орточо жашоо минимуму 7178,32 сомду, эмгекке жарамдуу калк үчүн 8025,18 сомду түзгөнүн белгилеген. 

“Азык-түлүк товарларынын кымбатташынын натыйжасында элдин көбү эт, сүт, май, кант сатып ала албай калышты. Жашоого зарыл азык-түлүктүн жетишсиздиги  элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, федерация 2021-жылы өлкөдө жалпы калктын 33,3% жакыр жашарын мисал кылган. 

“Көбүрөөк үй-бүлөлөр өтө жакырчылыкта жүргөндүктөн, бул үй-бүлөлөрдүн балдары балдар эмгегинин, жаш балдарды никеге туруу жана балдарды сатуунун курмандыгы болуу коркунучу жогору. Баалардын мындан ары көтөрүлүшү сөзсүз түрдө эл үчүн терс социалдык-экономикалык кесепеттерге алып келет жана калк арасында нааразылык маанайдын күчөшүн жаратат”, - деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан улам, Профсоюздар федерациясы коомдогу туруктуулукту сактоо жана эмгекчил жарандарды коргоо максатында эң зарыл товарларга болгон бааларга өзгөчө көңүл бурууну өтүнгөн.