«Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду

19 июля 2023, 15:57

"Бай-Түшүм" банкы башкармалыктын курамында өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Банктын директорлор кеңеши Амина Касмахунованын банктын башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды.

Касмахунова "Бай-Түшүм" командасына 2019-жылдын январь айында дароо эле каржы директору болуп кошулган. Ага чейин ал "Кыргыз-Швейцария Банкы" жана "Компаньон Банкы" өңдүү банктарда иштеген.