«Манас» аба майданынын туунду ишканаларында кадрдык өзгөрүүлөр болду

22 июня 2021, 17:30

"Манас" эл аралык аэропорту "ААКнын туунду ишканаларында башкы директорлордун кадрдык өзгөрүүлөрү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, Алтынбек Жоробеков "ИНТЭК" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кызмат ордуна бекитилди. Замирбек Чекирбаев болсо "Манас Менеджмент Компани" ЖАКтын башкы директору кызмат ордуна дайындалды.