Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр «Amazon» аркылуу түздөн-түз соода кыла алышат

23 мая 2021, 22:01

Дүйнөдөгү эң ири электрондук коммерциялык компания "Amazon" Кыргызстандын товарларын өндүрүүчүлөр үчүн түздөн-түз катталуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Каттоодон өтүү үчүн паспортуңуздун көчүрмөсүн, жарактуу насыя карточкасын, банк эсебин, телефон номерин, салыктык чегерүүлөр жөнүндө маалыматты көрсөтүшүңүз керек.

Катталгандан кийин эсеп активдештирилип, соода жүргүзүү үчүн европалык соода аянтчалары жеткиликтүү болот.

Эми "Амазондо" катталуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы жеткиликтүү экендигин кошумчалайбыз.