Кыргызстанда бетон өндүрүү 27,2% га төмөндөдү

3 июня 2021, 09:40

Кыргызстанда 2018-2020-жылдары бетон өндүрүшүнүн төмөндөшү 27,2% түздү. Бетон негизинен Бишкекте өндүрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктен билдиришти.

Республикада бетон өндүрүүчүлөрдүн саны 2018-2020-жылдары 11 бирдикке, 29дан 18ге чейин кыскарган, бул ири ишканалардын өсүшүнүн жана чакан ишканалардын жабылышынын натыйжасы болгон. 

Жогорудагы эки жыл аралыгында бетон өндүрүү рыногу төмөн концентрацияланган түрдөн орточо концентрацияланган базар түрүнө өттү, бул базардын концентрациялануу деңгээлинин жогорулагандыгын билдирет.

Бетон өндүрүшүнүн төмөндөшү Covid-19 пандемиясынын кесепетинен курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу болгон. Муну айынан 2020-жылы турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин курулушу 2019-жылга салыштырмалуу 34,5% га азайганын статкомдон билдиришти.