Кыргызстанда дары өндүрүшү 4.3. млн.$ түзгөн

10 сентября 2019, 14:58

Кыргызстанда дары-дармек өндүргөн ишкана жок болгондугуна карабастан, дары рыногу -  өлкөдөгү эң кирешелүү бизнестердин бири  болуп саналат. ЕЭК маалыматына ылайык, 2018 – жылы чыккан дары продукциясы 4.3 млн.$ түзгөн. Бул өткөн 2017 - жылга салыштырмалуу 2.4% көп дегенди билдирет. 

Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын 97% чет өлкөдөн, анын ичинен 60%  Орусиядан келет. Өлкөдөн өндүрүлгөн дарылар, дары чөптөрдүн жана тамак-аштын кошумчаларынан жасалат.