Тоо-кен тармагындагы өндүрүш 21% кыскарды

18 марта 2021, 16:40

Тоо-кен тармагындагы өндүрүш 2021-жылдын январь айында 17.1 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көлөм 21% кыскарган. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Маалыматка ылайык, кайра иштетүү өнөр-жай тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 15.7% төмөндөп, 172 млн долларды түздү. 

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тоо-кен тармагынын өндүрүшү отчеттук мезгил убагында 22.4 млрд долларга жеткен. Төмөндөө жыл ичинде 7.5% катталган. Өнөр-жай тармагындагы кайра иштетүүнүн көлөмү болгону 0.3% же 51 млрд долларга кыскарган.