ЕАЭБде сүт өндүрүү жыл ичинде 0,7% га гана өстү

16 сентября 2021, 16:30

2021-жылдын январь-июль айларында ЕАЭБде сүт өндүрүү 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7% га өстү. 

Өсүш Казакстанда 3,3%га, Кыргызстанда 2%га, Беларуста 1%га, Орусияда 0,1%га белгиленген.

Малды жана канаттууларды союу (тирүүлөй салмакта) Казакстанда 5,4% га жана Кыргызстанда 1,6% га өстү.

ЕАЭБде жумуртка өндүрүү 1,7%га кыскарды. Эң олуттуу төмөндөө 10,8% менен Казакстанда байкалды.