Ысык-Көлдө өнөр жай өндүрүшү эки эсе кыскарды
Ушул жылдын июль айында Кыргызстанда иш жүзүндө учурдагы баада 21 миллиард 179,8 миллион сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 20.99% га аз. Төмөндөө Ысык-Көл облусунда өндүрүштүн 3,3 млрд сомго (-50,7%) жана Чүйдө 9,4 млрд сомго (-29,14%) кыскарышына байланыштуу болгон.