Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү 28,2%га өстү

17 июля 2023, 13:36

Быйылкы жылдын биринчи жарымында айыл чарба продукциялары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,2%га көп кайра иштетилген. Муну Улуттук статистикалык борбордун маалыматы тастыктайт.

Маселен нарк жагынан алып карасак, тамак-аш, суусундуктар жана тамеки буюмдарын өндүрүү 24,3 миллиард сомдон 31,1 миллиард сомго чейин өстү.

Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы орунда Чүй облусу турат (16,7 млрд сом өндүрүлгөн), ошондой эле Бишкек шаары 10,3 млрд сомдук продукция өндүргөн.

Жылдын 6 айында эң аз айыл чарба продукциясы Нарын облусунда - 297,4 млн сомго өндүрүлгөн.