ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 60,3 млрд доллардан ашты

17 октября 2021, 16:20

ЕЭКтен маалым болгондой, 2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык категориясындагы дыйкан чарбаларында айыл чарба продукциясы 60,3 миллиард долларды түздү.

2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу көрсөткүчтөр 2,8%га төмөндөгөн. Отчеттук мезгилде сүт өндүрүү 0,6%га өстү. Өсүш Казакстанда - 3,3%га, Кыргызстанда - 1,9%га жана Белоруста - 0,8%га белгиленген.

ЕАЭБде малды жана канаттууларды союу (тирүүлөй салмакта) өткөн жылдын деңгээлинде калды. Өсүш Казакстанда - 6% га жана Кыргызстанда - 1,6% га байкалган. Уюмда жумуртка 1,4%га кыскарды. Эң олуттуу төмөндөө 9,9% менен Казакстанда байкалды.