Спирт ичимдиктерин өндүрүү кирешелүү боло баштады

4 мая 2023, 11:50

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы 2020-жылдан бери биринчи жолу киреше тапты. Бул тууралуу аталган заводдун басма сөз кызматы билдирди. 

Антсе да ишкананын 2020-жылга карата чыгашасы 38 млн. 186 миң сом болсо, 2021-жылы 41 млн. 357 миң сомду түзгөн.

Бирок 2022-жылы заводдун ишмердүүлүгү жакшырып,  114 млн. 897 миң сом кирешеге ээ болгон. 

Завод 320 кызматкерине жалпысынан 38 млн. 473 миң сомдук кечиктирилген эмгек акы төлөп берген. Соцфондго чегерүү боюнча 22 млн. сом карыз төлөнгөн. Чийки заттар алынып келинип, ишкана толук кандуу иштеп баштаган.